Биз менен байланышыңыз

Премьер-министр: Учурда токтоп турган 50дөй ири ишкана ишке кирет

Кыска кабар | 6 Ноя 2018 | 631 | 0

Экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүү өкмөттүн бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытын айкын көрсөтөт. Бул тууралуу өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары каралган жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча реалдуу экономиканын дээрлик бардык тармактарында өсүш болгон. «Өзгөчө көңүл чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, жумушчу орундарын түзүүгө, атамекендик өнөр жайды өнүктүрүүгө бөлүндү», – деди өкмөт башчы.

Ошондой эле Чүй облусундагы индустриалдык-логистикалык паркты, Араван цемент заводун, Сокулук районундагы бут кийим фабрикасы жана башкаларды мисал келтирди. Жыл аягына чейин «Кыргыз текстиль», Кичи-Чараат, «ТМАЙ-инвестмент холдинг» сыяктуу бир катар ишканалар ишке киргизилерин кошумчалады.

Биз төмөнкү багыттарда реформаларды жүргүздүк: төлөөгө жөндөмсүздүктү чечүү, миноритардык инвесторлорду коргоо, ЕАЭБ алкагында экспорттук операцияларды жөнөкөйлөтүү, анын ичинде бажылык тариздөө жана башкаларды деп белгиледи.

Премьер-министр учурда токтоп турган 50гө жакын ири ишкананы ишке киргизүү боюнча комплекстүү иш алып баруу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду. Макмал кениндеги өндүрүштү жандандырууну, Кадамжай сурма комбинатындагы кичи заводду ишке берүүнү тездетүүнү тапшырды.

 

Copyright © 2017 Maral FM