Биз менен байланышыңыз

Шаардык кеңеш 250 миң сомго фотоаппарат алат

Кыска кабар | 6 Ноя 2018 | 548 | 0

Бишкек шаардык кеңеши 250 миң сомго фотоаппарат алуусунун себебин түшүндүрдү. Мэриянын маалымат кызматы билдиргенде, шаардык кеңештин депутаттарынын ишмердүүлүгүн чагылдырууда сапаттуу сүрөттөр керек. Анткени маалымат менен иштегендерге, расмий сайтка жана интернетке жүктөгөнү жакшы сапаттагы сүрөт зарыл болот.

Мындан улам шаардык бюджеттен фотоаппараат сатып алууга 250 миң сом бөлүнгөн. Себеби аны көп убакытка колдонуу максат кылынат.

Ал эми учурда колдонулуп жаткан фотоаппарат талапка жооп бербестен, сапатсыз сүрөттөрдү тартып жатат. Жарык аз болгон жерде, кечки убакта ал фотоаппарат менен иштөө кыйынга турат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM