Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык футболчу Ильзат Ахметов Орусиянын курамасында ойнойт

Кыска кабар , Спорт | 6 Ноя 2018 | 1051 | 0

Кыргызстанда төрөлүп-өскөн Ильзат Ахметов Орусиянын футбол боюнча улуттук курама командасына чакырылды. Бул тууралуу Орусиянын футбол союзунун расмий сайтында жарыяланды.

Черчесов баш болгон кураманын машыктыруучулар тобу 5-ноябрда улуттук курамага кирген 26 оюнчунун тизмесин ачыктап, аларды 15-ноябрда Германия курамасы менен болчу беттешке даярдыкка чакырган. Арасында СЦКАнын жарым коргоочусу Ильзат Ахметов да бар.

Бул тууралуу спротчу: “Муну укканда ишене алган жокмун. Кайра карап, түшүнө албай туруп калдым. Аябай кубанганымдан бир ордума тура албай калдым. Мен үчүн Орусиянын улуттук курамасында ойноо чоң сыймык. Өлкөнүн жеңиши үчүн колумдан келген бардык күчүмдү жумшайм”,-деп билдирди.

Кошумчалай кетсек, Ильзат Ахметов 1997-жылы Бишкекте төрөлгөн. Бала чагынан шаардын “Алга” клубунда ойноп, окуучулук кезинде үй-бүлөсү менен Орусияга көчүп кетишкен. Ал жакта Казандын “Рубин” командасында ойноп, 16 жашында оюн талаасына чылып, эң жаш футболчу аталган. 2018-жылы Москванын СЦК клубуна өтүп, анын курамында Чемпиондор лигасына да катышкан.

Бул кабар Кыргызстан Футбол федерациясынын үмүтүнө суу септи. Анткени федерация футболчуга бир нече ирет Кыргызстанга келип, улуттук курамада ойноо сунуш кылынганда,  Ахметов орус футболу ал үчун келечектүү экенин айтып баш тартып келген.

Copyright © 2017 Maral FM