Биз менен байланышыңыз

Путин менен Трамптын жолугушуусуна Макрон тоскоол болду

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Ноя 2018 | 629 | 0

11-ноябрда Парижде өтүүчү Орусия жана АКШ лидерлери Владимир Путин менен Дональд Трамптын толук форматтуу жолугушуусу болбой турган болду. Бул тууралуу Коммерсантъ басылмасы жазып чыкты.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун Москвага болгон сапарында белгиленген эки тараптуу жолугушуу Франция президенти Эммануэл Макрондун суранычы боюнча токтотулду. Макрон бул жолугушуу Биринчи дүйнөлүк согуштун бүткөнүнүн 100 жылдыгына арналган ири масштабдуу иш-чарага көлөкө түшүрүүсү мүмкүн деген жүйө менен эки тараптын планын өзгөртүүсүн суранган.

Бул себеп формалдуу түрдө айтылганы менен серепчилер жолугушуунун болбой калуусунун негизги себеби дагы тереңирээкте экенин болжолдошууда. Себеби, АКШ президенти Парижде Путин менен сүйлөшүү болбой калышы ыктымал экенин мурдарак билдирген. Ал орус бийлиги менен ноябрдын соңунда Аргентинада өтчү G20нын саммитинде толук форматта сүйлөшүү жургүзүү ниетин билдирген.

Ошондой эле Кремль дагы Париждеги иш-чаралардын графиги эки тараптуу сүйлөшүүлөргө мүмкүнчүлүк бербесин айткан.

Кандай болгон күндө да соңку жылдары ортодогу мамилеси кескин начарлап, санкциялар согушуна кирип калган АКШ-Орусия диалогу белгисиз мөөнөткө калтырылды.

Copyright © 2017 Maral FM