Биз менен байланышыңыз

УЕФА Европанын Суперлигасына каршы

Кыска кабар , Спорт | 6 Ноя 2018 | 759 | 0

Европадагы эң алдынкы 11 футболдук клуб жашыруун макулдашып, өз араларында Европанын Суперлигасын түзүүнү пландап жатышат. Бирок бул аракетти Европанын футболдук ассоциациялар союзу УЕФА жана башка өлкөлөрдүн футбол федерациялары колдобой турганын билдиришты.

5-ноябрда УЕФАнын президенти Александер Чеферин: “Бул дүйнөлүк футболго залакасын тийгизе турган лига болот. Мен мындай лиганын түзулүшүнө кескин түрдө каршымын. Азыркы кызматымдын мөөнөтү бүткөнгө чейин колумдан келишинче буга каршы турамын”,-деп кесе айтты.

Чефериндин пикиринде аталган клубдар өз ара жабык система куруп алышып, өзү билемдик кылууда. Бул дүйнөлүк футболдо клубдар ортосундагы статустук ажырымдарга алып келип, футболдун өнүгүүсүнө тоскоол болот.

Бир нече күн мурда Европанын эң мыкты футболдук клубдары аталган лиганын турниринин уюштурулуусу боюнча документке ушул жылдын ноябрь айында кол коеру белгилүү болгон. Ага ылайык, Лиганын биринчи сезону 2021-жылы башталып, ага 11 курамдагы команда менен 5 конок команда катышмак. Алар Манчестер Ютд, Челси, Ливерпуль, Манчестер Сити, Арсенал, Реал Мадрид, Барселона, Байерн, Ювентус, Милан жана Париж клубдары болуп, чакырылгандар Атлетико Мадрид, Боруссия Дортмунд, Интер, Марселл, Рома клубдары болору белгилүү болду.

Copyright © 2017 Maral FM