Биз менен байланышыңыз

Өмүрбекова: Сүйүнчү пул алуунун шарттары жеңилдейт

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Ноя 2018 | 860 | 0

Сүйүнчү пул алуунун шарттары жеңилдейт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук системага өткөрүү пландалууда.

«Сүйүнчү пулду күбөлүк берген жерден дароо ала тургандай кылып, бул боюнча системаларды киргизүүнүн алдында турабыз. Айталы, жаран баласына күбөлүк алуу үчүн арыз менен кошо сүйүнчү пулга да арыз берет. Арызда ата-эненин банктык эсеби жазылып алынат да каражат дароо которулат», — дейт Өмүрбекова.

Айта кетсек, Кыргызстанда быйылкы жылдан тартып балалуу болгондорго 4 миң сомдон сүйүнчү акча төлөп берүү тууралуу мыйзам иштей баштаган.

Бирок Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жаңы төрөлгөн балага сүйүнчү пул берүүнүн мөөнөтү кыскартылганын кабарлады. Сүйүнчү пул буга чейин бир жыл ичинде кайрылган ата-энеге берилсе, мындан ары алты айга чейин кайрылуу керек болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM