Биз менен байланышыңыз

Европа: курт-кумурскага да кайдыгер каралбайт

Блог | 5 Ноя 2018 | 1319 | 0

Европада курт-кумурскалар үчүн атайын жатакана бар! Албетте, жатакана дегенде дароо эле жылмайып, обу жок европалыктардын оюна эмне гана келбейт дейт чыгарсыз, балким! Бирок мындай жатаканалар жөнү жок эле курулуп калган эмес. Жаратылыш, фауна, флоранын сакталышына чоң маани берген европалыктар ондогон жылдар мурда, айлана-чөйрөгө эң керек курт-кумурскалардын айрымдары жоголуп бара жаткандыгын байкап, кабатырлана башташкан.

Абанын булганышы, зыяндуу ишканалардын курулушу, жер катмарынын жукарышынын кесепетинен майда жандыктар азайып отуруп, айрымдары жер бетинен жоголуп да кеткендери бар. Бир караганда өтө олуттуу маселе деле эмес көрүнсө да, кылдаттык менен ар бир нерсеге мамиле жасап көнгөн европалыктар үчүн бул жайдай тынчсызданууну жараткан. Табыятты коргоочулар дароо абалды оңдоонун үстүндө иш алыр бара башташкан. Коомдо талкуулар күч алып, долбоорлор башталып, иши кылса жапырт көңүл бөлүнүп баштайт.

Эгерде байкасаңыз, кышында канатууларга үйлөрдү жасап, тоңуп калбашы үчүн кадимкидей кам көрөбүз, бирок майда жандыктарды кароо өтө майда иштей сезилип, көп маани бербейбиз. Европалыктар экологиянын нукура тазаланышына дал ушул майда жандыктар жардам берерин изилдеп, алардын санын көбөйтүү үчүн жыгачтан жасалган жатакана алардын сактап калышын билип, кура башташкан. Мындай кооз үйлөрдү парк, токойлордун дээрлик баарында кездештирсе болот. Анын атайын жаратылыш адистери менен бирге жергиликтүү мэрия каржылап, заманбап кылып өзгөртүп. Чырпык, дүмүрлөрдү ирээти менен жайгаштырып, арасына майда жылчыктарды калтырышат. Ал аркылуу кыштын суук күндөрүндө майда курт-кумурскалар жан сакташат. Жалбырак, кардын алдында үшүп, тепселип калбай, жылуу жатаканада кышташат. 

Айтмакчы, дагы бир көзгө урунган нерсе бул — күзүндө саргарып күбүлүп калган жылбырактарды Европада эч ким өрттөбөйт. Мындай нерсе өөн учурайт. Керек болсо чектен чыккан жаман илдет катары эсептелет. Куз келери менен парк, көчөлөрдөгү куурап калган жалбырак, өсүмдүктөр атайын баштыктарга салынып, шаар четиндеги компосторго жөнөтүлөт. Ал жактан алар майдаланып, өзүнөн өзү чирип калганда, талааларга жер семирткич катары колдонулат. Өрттөгөндө биз жогоруда сөз кылган курт-кумурскалар кошо жок болуп, түтүндүн кесепети да айлана-чөйрөгө зыян алып келет.

 

Манат Сулайманова, Швейцария

Copyright © 2017 Maral FM