Биз менен байланышыңыз

Төрага чет өлкөдө иштеген мекендештер менен жолугушту

Кыска кабар | 5 Ноя 2018 | 760 | 0

Бүгүн, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков чет өлкөдөгө иштеген мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда төрага Дастан Жумабеков эмгек мигранттары Кыргызстандын өнүгүшүнө, айрыкча өлкө экономикасын көтөрүүгө өзгөчө салым кошуп жатканын белгиледи.

Жакында Орусиянын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушуп, мигранттардын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелерди, аларга кандай жеңилдиктер зарыл экенин талкуулаганын кошумчалады.

“Замандаш” партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов мигранттардын өкүлдөрүн кабыл алып, ой-пикирлерин укканы үчүн төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирди.

Андан соң төрага Орусиядагы мекендештерге көрсөткөн колдоосу, жигердүүлүгү үчүн Толкунбай Акматов жана Акбар Маразыковго  ыраазычылык кат тапшырды.

 

Copyright © 2017 Maral FM