Биз менен байланышыңыз

Масалиев: Бийликке ыктаган партия түзүү оңой

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Ноя 2018 | 671 | 0

Бийликке ыктаган партия түзүү оңой. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, президент, өкмөт башчы же саясатта сөзү өтө турган бирөө колу менен көрсөткөн партия 2 айда «сахнага» чыгып, популярдуу болуп калышы мүмкүн.

Эл өкүлү алдыдагы парламенттик шайлоого карата айрым партиялар активдүү болуп баштаганын айтып, эми бийлик тоскоолдук кылбашы керектигин белгилейт. Бирок бүгүнкү күндө бийлик аларга добуш алып бере албай турганын да кошумчалады.

«Аскар Акаевдин учурунда 1995-жылы президенттик шайлоодо добуштарды ачык эле тескери кылып жазып коюшкан. Аны кийин ошол мезгилде министр, губернатор болуп иштегендер моюнга алган. 2007-жылы партиялык тизмеде түзмө-түз бийлик уюштурган система болгон. Ал эми 2015-жылы ким акчаны пайдалуу жеткирсе, стадион куруп берсе, акча берсе ошолор бийликке өттү», — дейт Масалиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM