Биз менен байланышыңыз

Масалиев: КСДПнын мүчөлөрү кимге жакындоонун айласын издөөдө

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Ноя 2018 | 634 | 0

КСДПнын мүчөлөрү кимди колдосок, кимге жакындасак болот деп жатат. Бул фракция КСДПдан бөлүнүп чыккандыгынын белгиси. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жазында КСДП жыйын өткөрүп мурунку жетекчини бошотот же фракция партиядан бөлүнүп чыгат.

«Качан бир киши партиянын тагдырын чечсе, ишмердүүлүгүнө кийлигишсе анын аягы сөзсүз ушундай болмок. Бираз эркиндик бергенде фракцияда көпчүлүк кетмек эмес. КСДПнын тизмесин Атамбаев түзгөн. Калган партияларда да айрым саясатчыларга аралашкан болушу мүмкүн. КСДПдагы талаштарды билбейм. Гезиттен окуп жатам», — дейт Масалиев.

Эл өкүлү саясатта туруктуу достук жок болгондуктан бийликтен кеткен президентти сындагандар көбөйөрүн айтат.

«Партия ар дайым кыймылда болушу керек. Жетекчилер түбөлүкө турса жакшы болбойт. Фракция менен партиянын аралыгы алыс болуп калат. Ал эми кайсы бир партиядагы тирешүүлөр элдин тагдырына таасир этпейт. Саясий көз карашта туруктуулук жок. Бүгүнкү күн менен жашаган саясатчылар көп», — дейт Масалиев.

Ал белгилегендей, 2010-жылга чейин КСДП бийликте болгон эмес. 2007-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаев премьер-миинистр болгондо аталган партия күчүнө кирген. Адам кызматка барганда мүмүнчүлүктөр көбөйөт. Бирок партиянын жетекчиси кызматтан кеткен соң партиялар бир күндө да тарап кетиши мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM