Биз менен байланышыңыз

Шопоков шаарында калкты тейлөө борбору ачылды

Кыска кабар | 5 Ноя 2018 | 620 | 0

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Шопоков шаарындагы калкты тейлөө борборунун ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Анын айтымында, өкмөт калкка сапаттуу жана жеткиликүү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү көздөйт. Жарандар документтердин баарын бул имараттан чыкпай туруп бүтүрө аларын баса белгиледи.

Калкты тейлөө борборунда бардык шарттар түзүлгөн. Анда паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмү, жарандык абалдын актыларын каттоо да каралган. Борбордун аянты 800 чарчы метрди түзөт. Жарандарга 36 түрдүү мамлекеттик кызмат көрсөтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM