Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Баткендеги Калкты тейлөө борборунун иши менен таанышты

Кыска кабар | 4 Июл 2019 | 496 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна бир күндүк иш сапарынын алкагында бүгүн, 4-июлда Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борборунун иши менен таанышты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Калкты тейлөө борборун көрүп, анын иштөө принциптери менен таанышып, мындагы процесстерди санариптештирүүнүн жакшы үлгүсүн, ал өлкөнү санариптештирүү Жылынын талаптарына толук жооп берерин канааттануу менен белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков иш процесстерин толук автоматташтыруу жана санариптештирүү бүт өлкө боюнча бардык мамлекеттик органдарды камтышы зарыл экенин айтты.

Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борбору 2015-жылдан бери иштейт. Анда 20 кызматкер эмгектенет.

Copyright © 2017 Maral FM