Биз менен байланышыңыз

Быйыл дыйкандарга 5,4 млрд сом жеңилдик насыялары берилген

Кыска кабар | 5 Ноя 2018 | 662 | 0

Быйыл айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 5,4 млрд сом өлчөмүндөгү жеңилдик насыялары берилген. Бул тууралуу  Бюджеттик насыяларды башкаруу мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

“Айыл чарбасын каржылоо-6” долбоорунун алкагында коммерциялык банктар 5,4 млрд сом бөлчөмүндөгү насыяларды беришкен. Мындан жалпысынан 11 246 айыл чарба өндүрүүчүлөрү пайдаланышкан.

Аталган долбоорду ишке ашыруу максатында Финансы министрлиги өлкөдөгү 11 коммерциялык банк менен келишим түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM