Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 54% айымдар зордук-зомбулукка кабылышат

Кыска кабар | 5 Ноя 2018 | 673 | 0

Кыргызстандагы айымдардын 54%ы гендердик зордук-зомбулукка кабылышат. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда субрегионалдык жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева билдирди.

Анын айтымында, гендердик зордук-зомбулук бардык өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да орун алган. Мында үч негизги көйгөй бар, биринчиси – эрте турмушка чыгуу, экинчиси – ала качуу, үчүнчүсү – үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук.

Өлкөдө 25% кыздар 8-9-класстан соң окууларын улантышпайт. Ал эми 54% кыздар ата-энеси, аларга кам көргөндөр, туугандары тараптан зомбулукка кабылып келишет. Ошондой эле 14% кыздар эрте турмушка чыгууга мажбур болгондугун белгиледи.

Буларга каршы күрөшүүгө өлкөдө жакшы мыйзамдар иштелип чыккан. Бирок маселе аларды ишке ашырууда болуп жатат. Парламентте кызды ала качууга оор жазалар каралган мыйзам долбоору даяр тургандыгын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM