Биз менен байланышыңыз

Индонезия: кулаган учактын кара кутусунан маалыматтар алынды

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Ноя 2018 | 608 | 0

Индонезияда кулаган Боинг 737 учагынын кара кутусу табылып, андагы маалыматтар алынууда. Бул тууралуу өлкөнүн Транспорттук коопсуздук башкармалыгынын расмий маалымат кызматы билдирди.

Австралиялык изилдөө тобу менен биргеликте колго алынган кара кутусу маалыматтары алынды. Учактын ишке киргизилгенинен бери 69 сааттык учуусу камтылган кара кутудагы маалыматтар ачыктала элек. Учактын эмне себептен кырсыкка кабылганы азырынча белгисиз.

Экинчи кара кутуну табууга кошумча үч күн кетип, ал учактан 50 метр узактыкта экени айтылган.

Эске салсак, Индонезиянын мамлекеттик Lion Air авиакомпаниясы учагы Жакарта-Суматри багыты боюнча рейске чыккан. Ал жерден көтөрүлгөндөн 13 мүнөт өтүп эле деңизге кулап түшкөн. Изилдөө иштери суу агымынын тоскоолдугуна кабылып, бир нече кунгө уланган. Учактын сыныктары 30-40 метр тереңдикте чоң аймактан табылууда. Суу астындагы агым анын бөлүкчөлөрүн ар кайсы тарапка сүрүп салган.

Пилотторду жана тейлөө тобун кошкондо 189 киши учактын ичинде болуп, бирөө да тирүү калган эмес. Пилоттордун экөө тең тажрыйбалуу болгону аныкталды. Ал эми учак ушул жылы чыккан жаңы үлгүдөгү техника болуп, август айында колдонууга берилген.

Copyright © 2017 Maral FM