Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык джиу-джитсу эл аралык турниринде чемпион болду

Кыска кабар | 5 Ноя 2018 | 527 | 0

Кыргызстандык Муртазали Муртазалиев джиу-джитсу боюнча эл аралык Russia National Pro 2018 турниринде жеңүүчү болду. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Аталган турнир 4-ноябрда Москва шаарында өтүп, бир канча категорияларда таймаштар болду. Ал чоңдор арасындагы 83 кг салмактагы категорияда No-Gi (кимоносуз) таймашта жеңип, чемпион аталды.

Ал азербайжандык Хидаят Маммадовду жана Орусиялык Виталий Сергеевди менен күч сынашып, жеңишке жетишкен.

Ошондой эле Кыргызстандан барган Аднан Магомедов күмүш медаль, ал эми Иса Ахмедов коло медалды багындырып келген.

Белгилей кетсек, Кыргызстан командалык эсепте 13 өлкөнүн арасында төртүнчү болгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM