Биз менен байланышыңыз

Арабаев: Партияларда сандан сапатка өтүш керек

Пикирлер | 5 Ноя 2018 | 519 | 0

Азыр партиялар сандан сапатка өтүшү керек. Анткени партия аркылуу парламент, бийлик курулууда. Мындай пикирин юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, иштеп жаткан мыйзам талаптарга жооп бербейт. Андыктан саясий партиялар жөнүндө мыйзам кабыл алуу зарыл.

Арабаев мындан сырткары КСДПдагы акыркы көрүнүштөр шайлоочуларга абдан чоң сабак болгонун белиледи.

«Мындай пикир келишпестиктер жеке эле КСДП эмес башка партяларда да болушу мүмкүн. Анткени мыкты кыз-жигиттер парламентке, бийликке жетпей калды. Ошондуктан таарыныч бар. Ал шайлоого жакындаган сайын күчөп жатат. Бизде бир партия менен депутат болуп келишет, бирок принциби жок башка партияларга секиргендер көп. Бул КСДПда гана эмес башка партияларда да болот», — дейт Арабев.

Анын пикиринде, Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдары айрым партиялар формалдуу түрдө түзүлүп калган. Ал эми 2010-жылы партиялар жандана баштаган. Анткени бийликке партиялык система аркылуу барышып, көп партиялуулук пайда болгон.

Арабаев буга кошумча, дүйнөлүк деңгээлде босого баллды өтүп келген партиялдарды мамлекет каржыларын айтып, Кыргызстанда да бири-бирине атаандашкан күчтүү партиялар түзүлсө, аларды мамлекет каржыласа боло турганын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM