Биз менен байланышыңыз

Арабаев: Депутаттар парламентке сынак аркылуу келиши керек

Пикирлер | 5 Ноя 2018 | 544 | 0

Сот, аткаруу бийлигине кызматкерлер сынак аркылуу тандалат. Ошол сыяктуу саясий жогорку кызматтарга, парлементке келүүдө да талаптар болушу керек. Депутат болуш үчүн да сынак тапшыруу зарыл. Мындай пикирин юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, парламентаризмде өнүгүү болот деп президенттик башкаруудан кеткен менен парламенттин деңгээли талаптарга жооп бербей жатат. Мыйзамдык базада да кемчиликтер бар.

Алсак, бийликке акчалуулар келүүдө. Байлар парламентке мүлкүн коргоо үчүн келет. Эгер мамлекет ишкерлерге шарт түзүп берсе алар парламентке келмек эмес.

«Азыр да балык депутаттар отурат. Ошондуктан мамлекет ишкерлерге шарт түзүп менчигин колдоп, коргоп бериши керек. Эми парламент айкөлдүк кылып кемчиликтерди эске алып, мыйзамдарды өзгөртүп бериши керек. Эгер кайра эле өздөрүнө ылайыктап, колунда бар адамдар бийликке келсе «какаганга муштаган болуп» дагы 5 жыл өнүгө албайбыз», — дейт Арабаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM