Биз менен байланышыңыз

Жоробеков: Депутаттардын «мыйзам жаздым» дегенин укканда таң калам

Пикирлер | 5 Ноя 2018 | 751 | 0

Орто сабаттуу депутаттардын «мыйзам жаздым» дегенин укканда таң калам. Мындай пикирин саясий илимдердин доктору, профессор Жолборс Жоробеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мыйзамдарды жазуунун техникасы бар.

«Мисалы, мен ушундай жоболор кириши керек деп багыт беришим мүмкүн. Элде «парламенттик башкарууда эч ким эч нерсеге жооп бербейт экен» деген ой жаралууда. Биз чыныгы классикалык парламенттик башкарууда эмеспиз. Парламентик республика болсок өнүгөбүз деген эреже жок. Ошондуктан өз жолубузду табышыбыз керек», — дейт Жоробеков.

Ал буга кошумча, Кыргыстанда 100% партиялык тизме менен шайлоого али эрте экенин айтып, депутаттардын 50 пайызын аймактардан шайлаш керектигин белгиледи.

«2020-жылга чейин өзөктүү маселелерди талкуулап алуу зарыл. Конституцияны, шайлоо кодексин өзгөртүш керек. Депутат болом дегендер адам тестирлөөдөн өтүшү абзел»,- дейт Жоробеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM