Биз менен байланышыңыз

Бишкек: аптада 58 айдоочу ичкен абалда кармалган

Кыска кабар | 4 Ноя 2018 | 627 | 0

Бишкекте 26-октябрдан 1-ноябрга чейинки аралыкта 3 миң 790 жол кыймылын бузуу фактысы катталган. Бул боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Анда ичкен абалда рулга отурган 58 айдоочу, жолдогу белгилерди сактабагандыгы үчүн 1 миң 325 айдоочуга айып салынган. Коопсуздук курун такпагандыгы үчүн — 644, телефонду колдонгондугу үчүн – 738, ал эми айдоочулук күбөлүгү жок айдагандыгы үчүн 58 адам кармалган.

Ошондой эле эрежени бузгандыгы үчүн 438 унаа стоянкага алып барылган.

Copyright © 2017 Maral FM