Connect with us

Молдокасымов: Аймактардын жылдык мааракелерин өткөрүүдө тарых бурмаланып жатат

Кыска кабар | 3 Ноя 2018 | 1367 | 0

Кыргызстандагы ар кандай аймактардын жылдыгына арналган мааракелер тарыхка дал келбейт. Мындай пикирин тарых илимдеринин кандидаты Кыяз Молдокасымов “Марал” радиосуна билдирди.

“Падышалык Оруссиянын аскер гарнизону курулган деп Нарын шаарынын 150 жылдыгы Өкмөт башчынын катышуусунда жалган өттү. Гарнизон курулган учурда ал жерде шаар  деген статус болгон эмес. Нарындын тарыхына токтолсок, алар келгенге чейин эле ал жерде калк отурукташып, жашап эле келишкен”,-дейт тарыхчы.

Археологиялык казууларда азыр Борбордук Азия университети жайгашкан жерде орто кылымдарда адамдардын жашаганы белгилүү болгонун айтты.

Тарыхчынын маалымдашынча, Ноокен районунун 90 жылдыгы да туура эмес  өткөрүлгөн, кийин архив кызматкерлери 83 жыл эми толгонун айтып чыкса да, эч ким көзгө илген эмес.

Ошондой эле жакында 100 жылдыгын өткөргөн Базар-Коргонду да 1918-жылы район болуп түзүлгөн дегенге эч кандай негиз жок. Анткени Совет бийлиги орногондон кийин 7 жылдан соң Кара Кыргыз автономиялуу облусу 1924-жылы 14-октябрда түптөлгөнүн айтты.

“Ошондон кийин гана райондоштуруу иштери жүргөн. Совет бийлиги орногондон кийин эле Базар-Коргон району түзүлгөнү боюнча эч жерде маалымат жок.”

Кыяз Молдокасымовдун айтымында, президенттин алдында түзүлгөн “Мурас” фондуна жана тарых комиссиясына, Улуттук илимдер академиясына мааракелердин жылын тактоо боюнча эч ким кайрылган эмес.

 

Copyright © 2017 Maral FM