Биз менен байланышыңыз

Камчыбек Жолдошбаев жеке имаратын мектеп катары колдонууга берди

Кыска кабар | 3 Ноя 2018 | 677 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылындагы менчик имаратын мектеп катары колдонууга берди. Мындай маалыматты аталган райондун акими Нурбек Молдокадыров “Марал” радиосуна тастыктады.

Ал имарат Совет учурунда автобаза болуп турган. Менчиктештирүү учурунда ал Камчыбек Жолдошбаевге өткөн.

-Ал имарат иштебей турган. Баетов айылынын 90 жылдыгына карата ошол имаратты белек кылууну суранып, депутатка кайрылганбыз. Буюрса, 3 кабаттуу имаратты муниципалдык менчикке өткөрүп бермей болду. Аянты 1 гектарга жакын. Орточо эсеп менен бул обьектинин баасы 100 млн сомго жетет,-дейт аким.

Андан тышкары имараттын арт жагында өндүрүштүк багытта колдонулган обьект да бар. Аны келечекте спорт аянтчасы кылуууну пландашууда.

Имаратты өткөрүп алуу аземи 6-ноябрда болуп, ага Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков да катышарын айтты. Ал эми оңдоп-түздөө иштери 2019-жылдын сентябрь айына чейин аяктап, кийинки окуу жылынан баштап мектеп колдонууга берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM