Биз менен байланышыңыз

Өкмөт адам сатууга каршы программа кабыл алды

Коом | 2 Ноя 2018 | 1328 | 0

Өкмөт адам сатууга каршы 2022-жылга чейин программасын кабыл алынды. Анын алкагында адам сатууга каршы өкмөттүк деңгээлде иш пландары бекитилди. Анын ичинде Чүй облусу дагы бир катар милдеттемелерди алды. Бул тууралуу «Марал» радиосуна  Өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ализа Солтонбекова айтып берди.

-Ализа айым, өкмөт адам сатууга каршы атайын программаны бекитти. Программанын негизги мааниси эмнеде?

Бул токтомдо адам сатууга каршы иш алып баруу, анализ менен толук көрсөтүлгөн. Бирок ошонун негизинде  өзүбүз ар бир облуста координациялык кеңештерди түзүп, медиа пландарды бекиткенбиз.

Бул кеңештер кандай негизде иш алып барат?

Район жана облустарда башка маселелердей эле адам сатуу дагы бүгүнкү күнү эң актуалдуу  болуп турат. Ошондуктан өз алдынча иш алып барган кеңеш түзүү чечимин кабыл алдык. Анын төрагасы мүчөлөрдү белгиленген убакытта чогултуп, пландын аркарылышын көзөмөлдөп турбаса, иш солгундап калышы мүмкүн.

Кеңештин өзүнүн планында жасала турган иш-чаралардын планы бекитилген. Бул жерде ошол координациялык кеңештин иш алып баруусун окутуу. Адам сатууну түшүнүү жана кайсы учурда адам сатуу фактысы деп эсептелет. Ошону айырмалоо жана так билүү. Ошону менен бирге эле мындай фактыларга кабылган адамдар менен иштөө. Эң биринчи эле бизде окуу семинарлары болгон. Мындан тышкары дагы элге жеткирүү, маалымат берүү үчүн жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташып, адам сатуу жөнүндө маалыматтарды берип жатабыз.

Бул ишти алып барган координациялык кеңештин курамына кимдер кирди?

Координациялык кеңештин көпчүлүк мүчөсү күч органдарынан түзүлдү. Себеби ушундай окуялар менен күч органдарындагы кызматкерлер бет келип жатышат. Буга УКМК, Чүй облусунун прокуратурасы, милиция кызматкерлери, бейөкмөт уюмдар жана ар бир райондон  өкүлдөр кирди. Кеңештин төрагасы болуп облустун ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары дайындалган.

Биздердин облуста адам сатуунун деңгээли кандай? Аныкталган фактылар барбы?

Үстүбүздөгү жылы адам сатуу фактысы катталган жок. Бирок күнүмдүк жашоодо бар экени байкалат. Анын бир канча түрү дагы бар. Биринчиси кыздардын алданып чет өлкөгө кетиши. Жакшы жашоо эмес, сыртта кыздарды башка жумуш күтүп алган фактылар бар. Бирок алар жөнүнө ачык айта албайм. Ошондуктан элге туура маалымат берилиши керек.

Маегиңизге рахмат!

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM