Connect with us

Кенжекул айылы: ынтымактын арты өнүгүү

Коом | 3 Ноя 2018 | 3220 | 1

Быйыл президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан “аймактарды өнүктүрүү жылы болуп жарыяланганы жалпы журтка маалым. Бул боюнча өкмөт, жергиликтүү бийлик кандай иш кылды? Ал жагы өзүнчө кеп. Ачыгын айтсам, ал тууралуу сөз кылгым келбей турат. Ош облусундагы Кара-Суу районунда Кенжекул деген айыл бар. Ал жерде 350-400 кожолук эле жашайт. Бирок ал жердин тургундарынын ынтымагын, чогула калып эле айылын өнүктүрүп жатканын угуп, чынын айтсам, ыйлагым келди. Сизге таң калыштуу сезилиши мүмкүн, бирок азыр билген соң сиз да таасирленесиз. Анда кеп башынан болсун.

Өнүккөн инфраструктура

Мен эмгек өргүүгө чыкканда айылга барып калам. Ал жакта интернет бери турсун телефон айрым жерлерде тартпай калганын да көрүп эле жүрөм. Караңгыда фонарик албасаңыз, барчу жериңизден адашып калууңуз турган иш. Ал эми Кенжекул айылынын көчөлөрү 100 пайыз жарык менен камсыздалган. Ооба, 100 пайыз. Ар бир үйгө кабель аркылуу келген интернет жеткиликтүү болуп, жада калса, wi-fi колдонгон үйлөр да четтен чыгат. Айылда жалпы 10 көчө болсо, быйыл алардын бирөөсү толугу менен жасалып, бетон төшөлдү. Ага жалпысынан 400 миң сом коротулган. Негизгиси, айылга таза суу жеткиликтүү. Мунун баарын өкмөт эмес жергиликтүү эл өз демилгеси менен ишке ашырган.

Ынтымак бар жерде ырыс бар…

Орусияда эмгектенип жүргөн Сыдык Исиров деген мырза бар. Аны менен фейсбукта дос болгонубуз үчүн жасаган иштерин анда-санда көрүп калчу элем. Ал боюнча терең билгим келип байланышып калдык. Жогоруда саналган иштерди айылдын тургундары туулган жылы боюнча муун-муунга бөлүнүп, ишке ашырып келе жатканын айтып берди. Анда жалпысынан 1971-жылы туулгандардан баштап 1998-жылкыларга чейин айылга салым кошууга жапа тырмак аракет кылышат. Мен дагы бир таң калтырганы, айылдын эле тургундары жергиликтүү депутаттар болуп кореялык фондго долбоор жазып, кайрылышкан. Бир канча жолу сүйлөшүүлөргө барып, анын негизинде 1,5 миллиондук грант утуп алышкан. Ага 1,5 миллион сомду жергиликтүү өкмөт кошуп, айыл таза суу менен камсыз болуптур. 2017-жылы айылды өнүктүрүү үчүн жалпысынан 5 млн 200 миң сомдук каражат сарпталыптыр. Албетте, бул ошол эле айылдын тургундарынын чогулткан акчасы. Ар бир муундун 60 пайызы орусияда мигрант болуп жүрүшөт. Алардын бөтөн жерде жүрсө да сакталып келаткан ынтымагы, карым-катнашы тууралуу алдыда дагы сөз кылабыз.

Кайдыгер эмес эл. Эмгекчил бийлик

Бийлик дегенде жалпы өкмөттүн эмгекчилдиги жөнүндө сөз кылган жокмун. Бул сөз Кенжекул айылына гана таандык. Шайлоо учурунда талапкерлерди тандоо кызуу деңгээлде жүрөт. Себеби мурункудай “менин тууганым эле, таанышым болчу” дегендей критерийлер менен добуш берүү доору бүтүптүр. Эл 6 айда анан 1 жыл сайын жергиликтүү депутаттардын отчётун угуп турат экен. Ошого талапкерлигин койгон адам да шайлай турган киши да терең ойлонот. Ал эми четте жүргөн мигранттар үчүн электрондук түрдө жөнөтүлөт. Ошол үчүн депутаттар да активдүү иштегенге аракет кылат. Ал эми добуш берген адам да тандаган талапкеринин потенциалына карап колдой турганын айтып берди.

Технологиядан артта калбай…

Жогоруда айткандай эле Кенжекул айылына интернетти алып келүүдө ошол жердин тургуну Руслан Маматовдун салымы зор экен. Учурда эл интернетти кеңири колдонуп, wi-fi да  баарына жеткиликтүү. Мага кызык болгону, айылда бирөө уй же коюн жоготсо, айылдыктардын ватсаптагы тайпасына жазат. Көргөн-билгендер ошол жерге жооп берип, сүрөтүн да салып турушат. Өстүргөн же сата турган товары болсо да жалпы тайпага жазып эле соодасын жүргүзө берет экен.

Сыртта да сакталган биримдик

Кенжекулдуктардын саны аз болгону менен Москвада Санкт-Петербургда жүргөндөрдүн атайын тайпасы бар. Жума сайын футбол уюштуруп турушат. Ошондой эле Орусияда жүргөн жалпы кыргызстандыктардын арасында өткөн футбол турниринде быйыл 1-орунду кенжекулдук команда ээлеген. Быйыл ошол жакта каза болгон 2 айылдашынын сөөгүн жөнөтүү үчүн толук каражатты мигранттар чогултушкан. Айылда жашагандары ватсаптагы тайпалар аркылуу мал-жандыгын издешсе, орусиядагылары жумуш караштырып, бири-бирине көмөкчү болушат.

Алдыда…

Быйылкы жылдын эсебинен айылды өнүктүрүү үчүн 1 млн сомдон ашык каражат кетиптир. 2018-жылы негизи бала бакча, клуб эе спорт комплекстин бирин куруу иши пландалган. Бирок каражаттын тартыштыгына байланыштуу эмки жылкыга калтырылыптыр. Азыр ар бир көчөнүн жашоочулары өз жолдорун оңдоп, асфальттоого киришти. Келечекте канализация орнотуу, жаратылыш газын алып келүү ниети бар экенин угуп, кубанып кала бердим. Сыдык Исиров алыста жүрсө да Кыргызстанды өнүктүрүүгө ынтызар болуп, “президенттик аппаратта бул иштерди түшүнгөн бирөө болсо жакшы болмок. Ар айыл өзүнүн айылдарына таянып эле көп иш бүтүрсө болот. Негизгиси, ынтымак эле болсо акча табылат”,-деп жолдо экенин айтып, коштошуп калдык.

Аймактарды өнүктүрүүгө салым кошкон мигранттар, айылынын өнүгүшү үчүн уюшуп иштерди кылып жаткан айылдыктар тууралуу алдыда дагы сөз кылабыз.

 

Copyright © 2017 Maral FM