Connect with us

Карамушкина Атамбаев боюнча суроо чогултууда

Кыска кабар | 2 Ноя 2018 | 688 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина экс-президент Алмазбек Атамбаев боюнча суроо чогултууда. Бул тууралуу маалыматты “Маралга” Карамушкина өзү тастыктады.

Депутат айрым саясатчыларга кайрылып, Атамбаевдин ишмердүүлүгү тууралуу суроо болсо мессенжер аркылуу жазууну сунуштаган.

Белгилей кетсек, 31-октябрда Кыргызстан социал-демократтар партиясынын съезди өтүп, анда Ирина Карамушкина партиянын төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

Ал эми 1-ноябрда ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Атамбаев жакынкы убакытта КСДПнын айланасындагы кырдаал боюнча маалымат жыйынын курат деп айткан. Бирок КСДП кийинчерээк жыйын өткөрүлбөй турганын билдирди.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM