Биз менен байланышыңыз

Соңку жылдары алкоголдук ичимдиктер аз колдонулууда

Кыска кабар | 2 Ноя 2018 | 708 | 0

Кыргызстанда соңку жылдары алкоголдук ичимдиктер аз колдонулуп жатат. Өткөн 2017-жылы өлкөдө 1 млн 981 миң декалитр алкоголдук ичимдик сатылган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Ал эми 2016-жылы сатылган ичимдиктер 2 млн 138 миң декалитр болгон. Ошондой эле 2015-жылы 2 млн 125 миң декалитр, 2014-жылы болсо 2,4 млн декалитрди түзгөн.

Мына ушул 4 жыл аралыгында алкоголдук ичимдиктерди колдонуу 345 миң декалитрге азайган.

Белгилей кетсек, 1 декалитр 10 литрге барабар.

Copyright © 2017 Maral FM