Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 26-эл аралык универсалдуу жарманке өтүп жатат

Коом | 1 Ноя 2018 | 658 | 0

Бишкек шаарында 26-эл аралык универсалдуу жарманке өтүп жатат. Анда Кыргызстан, Орусия жана Болгариянын 30дан ашык компаниялары өздөрүнүн продукцияларын коюшту. Шаар тургундары аталган жарманкеден азык-түлүктөн тартып, кийим кече, үй тиричилигине керектүү буюмдарды базарга караганда арзан баада ала алышат. Жарманке 5 күнгө созулат.

Биринчи күн болгонуна карабай келген кардарлардын саны көп. Шаар тургуну Эркин мырза үй-бүлөсү менен кышка даярдык үчүн жарманкеге келишкен. 26 жылдан бери уюштурулуп жаткан бул жаранкеге келүү аларга адатка айланган. Анткени бул жакка ортомчулар эмес, түздөн-түз өндүрүүчүлөр продукциясын алып келген үчүн арзан жана сапаттуу.

Азыр бут кийимдерди сурасам, баасы 3500 экен. Байбичем экөөбүз келгенбиз. Ал куртка карап жүрөт. Бул жерде баалар жакшы. Анткени өндүргөн компаниялар өздөрү коюшат. Ошондуктан салыштырмалуу арзаныраак.

Анын үстүнө жабык имараттын ичинде ыңгайлуу баада, ар кандай өндүрүштүн бир жерде болгону шаар тургундарына кыйынчылык жаратпайт. Айрымдар жарманкени күтүп, даярданып келишкен. Бурул айым базардан соода кылгандан көрө ушундай жарманкелерден соода кылуу ыңгайлуу болгонун айтат.

Базарга баргандан көрө ушул жерден алган жакшы го. Баары бир жерде. Мага жагат.

Иш-чаранын уюштуруучусу Соода өнөр жай палатасынан билдиришкендей, жарманкеде 30дан ашык компаниялардын өндүрүшү коюлуп, алардын ич-ара кызматташуусуна да жакшы шарт түзүлөт. Ага кошумча ишкерлерди шыктандыруу үчүн сынактар да каралган. Соода өнөр жай палатасынын өкүлү Аида Мамбеткулованын билдиришинче, жарманкенин соңунда “Алтын медаль” сынагынын жеңүүчүлөрү да аныкталат.

-Бул жерден ишкерлер өзүнүн жаңы продукциясын тааныштырып, эскилерин сатууга мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле ич ара таанышып, тыгыз кызматташууга жол ачылат.

Мисалы, Ибадат айым Ош облусунан келген. Кооператив өндүргөн продукцияларды эки жылдан бери Бишкектеги жарманкеге алып келип сатышат. Өндүрүшү табигый азык болгону менен айырмаланат.

-Биздин өндүрүштүн баары табигый. Колго жасалган. Эки жылдан бери ушул жарманкеге катышабыз. Өткөн жылы алып келгендин баарын сатканбыз.

Ал эми Нуржан мырза бут кийим сатат. Мындай жарманкелер бир гана алуучуларга эмес, ишкерлерге да мүмкүнчүлүк берет деп эсептейт.

-Жарманке дайыма жакшы өтөт. Эл үчүн да, биз үчүн да пайдалуу. Эң жакшы жери башка жакка салыштырмалуу арзан баада болот. Мисалы, базардагы 3 миң сомдук товарды  бул жерден 2500 сомго алса болот.

Белгилей кетсек, жарманке Спорт ордосунда өтүп жатат. Ал 1-5-ноябрга чейин уланат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM