Биз менен байланышыңыз

Масалиев: Атамбаев партияда өз саясатын жүргүзүү аракетинде

Кыска кабар | 1 Ноя 2018 | 803 | 0

КСДП фракциясынын ичиндеги кырдаал оңой эмес, ар кандай тирешүүлөр болуп жатат. Мындай пикирин Өнүгүү-Прогресс фракциясынын депутаты Исхак Масалиев билдирди.

“Мурдагы президент КСДП партиясынын башчысы катары өзүнүн саясатын жүргүзгөнгө аракет кылып жатат. Буга айрым мүчөлөрдүн пикири башка болуп жатат”, — деп белгиледи депутат.

Ошону менен бирге бизде идеологиясы бар туруктуу бир дагы партия жок. Мындан улам мүчөлөр чыгарылып, жетекчилери алмаштырылууда деп кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM