Биз менен байланышыңыз

Картошка өндүрүүчүлөр Ташкентте кардарлар менен жолугат

Кыска кабар | 1 Ноя 2018 | 723 | 0

Эртең, 2-ноябрда кыргыз өндүрүүчүлөрү өзбек импортчулары менен жолугат. Жолугушуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин имаратында өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өндүрүшү жана мелиорация министрлиги билдирди.

Өлкөдө түндүк аймактагы картошка өндүрүүчүлөрдүн ассоциациясы түзүлгөн. Министр Нурбек Мурашевдин айтымында, бул алдыңкы технологиялар менен иштөөгө мүмкүнчүлүк жаратат. Бирдиктүү баа саясатын түзүүнү да шарттайт.

Мындай пикирин министр Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарынын ири картошка өндүрүүчүлөрү менен болгон жолугушууда айткан. Натыйжада картошканы экспорттоо боюнча Ташкентке барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү 2 делегат тандалган.

Белгилей кетсек, парламент жыйынында депутаттар Өзбекстанга бул жактын картошкалары киргизилбей, дыйкандар зыянга учуроодо деп белгилешкен.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM