Биз менен байланышыңыз

Боронов «Түндүк» тутумун ишке киргизүүнү тездетүүнү тапшырды

Кыска кабар | 1 Ноя 2018 | 548 | 0

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Түндүк» ведомство аралык электрондук тутумун киргизүү алкагында жумушчу кеңешме өткөрдү. Анда бүгүнкү күндө «Түндүк» интернет сайты иштелип чыкканын, анда тутумдун катышуучулары бардык кызыктырган суроолорго жооп ала алышарын айтты. Буга катар мамлекеттик органдардын тутумга кошулушунун жүрүшү чагылдырыларын белгиледи.

Мындан тышкары, «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасынын адистеринин бардык мамлекеттик органдарды консультациялык, техникалык жактан колдоосу менен ишке ашырылат.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча, Кубатбек Боронов мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берип, кыска мөөнөттө алардын алдына коюлган милдеттерди ишке ашырууну тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM