Биз менен байланышыңыз

Догоев: Санариптешүүнүн пайдасын карапайым калк да сезет

Күн чабыт | 1 Ноя 2018 | 910 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев жана Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоев менен өлкөдөгү санариптик трансформация маселелерин талкуулады. Өлкө башчы санариптик трансформация өлкө экономикасынын атаандаштык жөндөмүн, жарандардын жашоо деңгээлин жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзүшү керектигин белгиледи. Бул теманын алкагында Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоев менен маек курдук.

Марал: Президент санариптик трансформацияны ишке ашыруу процесстери кечеңдеп жатканын айтты, буга эмне себеп болууда?

Дастан Догоев: Буга бир нече негиз бар. Эң биринчиден бизде азыркы убакытта санариптик трансформациялоону ишке ашыруу боюнча улуттук же мамлекеттик программа кабыл алына элек. Ал программада санарипке өтүүдө негизги максаттарды, пландардын камтышы, ар бир мамлекеттик органдын, бизнес чөйрөсүнүн жана башка тармактардын ролу бекитилиши керек. Бирок учурда мындай документ жок.

Өзүңөр билгендей, быйыл июнь айында президенттин буйругу менен санарипке өтүүнү ишке ашыруу боюнча атайын эксперттик кеңеш түзүлгөн. Ал кеңеш санариптик экосистеманын архитектурасын түзүшү зарыл деген тапшырма коюлган. Биз тийиштүү мамлекеттик органдар менен иш алып барып, программанын негизин түзүп, президенттин кароосуна киргизгенбиз. Андан соң 5 жылдык программа иштеп чыгуу тапшырылган.

Азыркы учурда биз Коопсуздук кеңешинин алкагында тийиштүү мамлекеттик орган жетекчилери, башка эксперттер, жеке тармакта иштеген компаниялар менен программаны түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Жакынкы убакытта программанын долбоору президенттин кароосуна киргизилет.

Марал: Санариптик трансформациянын алкагында карапайым калк сезе турчу кандай өзгөрүү болот?

Дастан Догоев: Санариптик трансформациялоо эки чоң компоненттен турат. Ал тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү, аларды жакшыртуу, бизнес чөйрөсүнө шарт түзүп берүү аракеттери. Мисалы, бизнесмендер, карапайым калк электрондук форматта кызмат алуусу үчүн тийиштүү шарттар түзүлүүсү зарыл.

Экинчиден, окутуу маселеси. Мында мамлекеттик органдардагы кызматкерлер, ишкерлер, жөнөйкөй жарандар электрондук кызматтарды колдонуусу үчүн жөндөмү болушу керек. Ошондуктан окутуу жүргүзүлөт.

Электрондук кызмат көрсөтүүгө өтүү менен мамлекеттик органдар оптимизацияланат. Ошондуктан ички иштерди жасаш үчүн кызматкерлерге үйрөтүү керек.

Эми инфраструктура маселесине токтолсом, ар бир жаран мамлекеттик кызматтарды колдонушу үчүн бардык аймактарда сапаттуу интернет байланышы болушу керек. Санариптик платформалар ишке кириши керек, алар электрондук кызмат порталы, онлайн сатып алуу, “Түндүк” системасы.

Мунун баары ишке кирсе карапайым калк электрондук форматта, тез арада, сапаттуу кызматты колдоно алат. Экинчиден, өкмөт “Ачык өкмөт” уюмуна кирген. Буга байланыштуу өкмөттүн ишмердүүлүгү ачык болуп, жарандар да баа бере алат.

Мындан тышкары, санариптик экономиканы куруу эң чоң максаты бар. Бул -аймактарда болобу, сырткы мамлекеттерде болобу бизнес чөйрөсү атаандаштыгын өөрчүтүп, ички механизмдерди түзүп, жыйынтыгында биздин системаларды экспортко чыгарса болот деген ишенимибиз бар.

Анткени азыркы убакытта технология боюнча атайын паркы түзүлгөн. Алар 5-6 жылдан бери иштеп жатышат. Мисалы, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 10 млн сомго жакын киреше түшөрү болжолдонууда. Ошондуктан санариптик экономика системасын, ыкмаларды экспорт кылууга мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Марал: Бул чоң долбоорду ишке ашыруу ири каражатты талап кылат, толук иштеп кетиши үчүн канча каражат керектелет жана ал кайдан алынат? Өзүбүздүн күчүбүз менен жүзөгө ашырабызбы же донорлор жардам береби?

Дастан Догоев: Программа жактырылып, кабыл алынса, бир эле өкмөткө эмес донорлорго, бизнес тармагына 5 жылдык иш-чара планы көрсөтүлөт. Ошондо кандай жыйынтыктарга жетишсе болору жөнүндө бардык тармак сунуштарын айтып, инвестиция кылса болот. Себеби бул программанын негизинде мамлекет да, донорлор да, бизнес да, карапайым калк да утат. Ошондуктан анын максаттары, пландары так көрсөтүлсө, жалпылап кол кабыш кылып, ишке ашыруу максаты коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM