Биз менен байланышыңыз

Министрликке мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн 142 коляска берилди

Кыска кабар | 1 Ноя 2018 | 880 | 0

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн 142 коляска берилди. Мындай гуманитардык жардамды “Катар” кайрымдуулук уюму экинчи ирет көрсөтүп жатат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Аларга эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров ыраазычылыгын, мындан ары да кызматташуу тилектештигин билдирди. Бул коляскалардын Ош жана Жалал-Абад облустарында жашаган балдарга берилерин белгиледи.

Ошондой эле, ушул жылы июнда министрлик 100 коляска алып, Бишкек шаарындагы, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы балдарга берилгендигин кошумчалады.

Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти уюмдун алдыда социалдык объекттерди оорукана, ФАП, мектеп жана аз камсыздалган үй-бүлөлөргө үй куруп берерин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM