Биз менен байланышыңыз

Улукбек Кочкоров коляскалар боюнча билдирүү жасады

Кыска кабар | 11 Мар 2021 | 2050 | 0

Мурдагы Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров «Фейсбук» баракчасы аркылуу «пандемия учурунда 15 миң сомдук коляскалар 50 миң сомдон сатылып алынган» деген маалымат боюнча билдирүү жасады.

Анын айтымында, жөнөкөй коляскалар менен көп функциялуу коляскалардын баасында айырмачылык бар.

«Мен министр болуп келгенде шал оорусу (ДЦП) менен ооруган майып жарандарыбыз бөлмөдө жүрө турган жөнөкөй колясканын ыңгайсыздыктарын айтышып, көп функциялуу коляскага өтө муктаж экенин билдирип жатышты. Муктаждыктарын дароо эле чечип берүүгө мүмкүн болгон жок. Анткени Өкмөттүн жоболорунда көп функциялуу коляска алууга уруксат берилген эмес эле.

Министрлик 1 жыл талыкпаган эмгек жумшап, чуркап, Өкмөттүн тиешелүү жобосуна өзгөртүү киргизгенге жетишти. Жыйынтыгында, муктаждарды көп функциялуу коляска менен камсыздоого жол ачылды. Майыптарды көксөп күткөн көп функциялуу коляска менен камсыздадык. Алардын кубанычында чек жок эле. Чексиз ыраазылыктарын айтышып, кубанычтан көз жашын агызышкан. Биз алар үчүн жакшы иштерди жасаганыбызга ыраазымын.

Эми бааларына токтолоюн. 15 миң сомдук коляска дегени — жөнөкөй, бөлмөдө гана жүрө ала турган коляскалар. Андайларды министрлик 10 миң сомдун тегерегинде сатып алган. 50 миң сомго алды делген коляскалар — көп функциялуу, шал оорусу менен ооруган балдарга ылайыкталган. Тулку-боюн, белин, моюнун, башын түз кармайт, чалкалатып, уктаганга ылайыктап койсо болот, отуруп тамак ичкенге ыңгайлаштырылган, айтор көп функциясы бар. Албетте, мунун баасы 15 миң сом эмес. Анын баасы 100 миң сомго чейин барат. Аны ар кандай интернет сайттарынан карап көрсөңүздөр болот». 

Ошондой эле ал ар бир нерсенин өзүнө жараша баасы боло турганын, мыйзам бузуулар болсо, тиешелүү адамдар жооп бериши керектигин, бирок министрликтин кызматкерлеринин эч кандай күнөөсү жок экенине ишене турганын билдирген.

Эске салсак, кечээ УКМК Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги пандемия учурунда коляскаларды кымбат баада сатып алган факты аныкталганын билдирген.

Кытайдагы кысым: «Абактарда аялдарды төрөбөс, эркектерди тукумсуз кылып жатышат»

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM