Connect with us

Кытайдагы кысым: «Абактарда аялдарды төрөбөс, эркектерди тукумсуз кылып жатышат»

Блог , Дүйнө , Саясат | 8 Мар 2021 | 3039 | 0

Кытайдын түндүк батышындагы Шинжаң автономиялуу облусунда жашаган уйгур, казак, кыргыз ж.б. мусулман тектүү аз улуттардын кысымга кабылганы тууралуу кабарлар 2015-жылдан бери айтылып келет. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, диний ишенимин жана социалдык жашоо образын өзгөрткөн Кытайдагы лагерде Ислам динин тутунган 1 миллиондой адам кармалып турат. Мындан улам АКШ баш болгон ири державалар, ири эл аралык уюмдар Кытайдын бул аракетин геноцид катары айыптап, Бээжинди адам укуктарын бузбоого чакырып келет. Ал эми Кытай бийлиги этникалык топторду кармап турган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү окуу жай катары сыпаттап, айыптоолорду четке кагууда.

Кармалгандардын катарында Кытайда жашаган этникалык кыргыздар да бар экенин Кыргызстанга келген кандаштар кулак кагыш кылып, өз өлкөсүнө бара албасын, эгер барса, кыйноолор күтүп турарын белгилешет. Алардын бири — билим алуу максатында Шинжаңдын Ак-Чий ооданынан Кыргызстанга 2012-жылы келген Гүлүмкан (аты өзгөртүлдү) учурдагы абал боюнча маек берди. Анын айтымында, 2016-жылы Кытайдагы ата-энеси, туугандары менен байланыш үзүлүп калган.

Саламатсызбы Гүлүмкан айым, Кытайдагы азыркыдай кысымдар сиздерге кайсы жылдары ачык байкала баштады? Сиз Кыргызстанга жөнөп жатканда мындай басмырлоо бар беле?

Синьцзяндын уйгурлар жашаган аймагында кысым көрсөтүү 2013-2014-жылдары эле башталган экен. Адамдарды көптөп лагерлерге алып кетип, байлардын акчаларын алып коюп, үйлөрүн буздуруп, экономикалык жактан да алсыратып баштаган. Кыргыз, казактар жашаган аймакка ачык түрдө 2016-жылдары келген. Буга чейин, бул боюнча эч нерсе билбептирбиз. Анткени Синьцзяндын ичинде «Google», тиги, бу деген жок. Чектелүү эле интернет булактары бар. Маалымат алышуу кыйын. Алгач, мугалим, профессор, жазуучу, бизнесмен, мечит имамдарын, мыкты-мыкты адамдарды жалаа жаап, камакка алып кете баштаган. Кийин жалпы карапайым элге өттү. Үйлөрүн тинтип, бир жайнамаз таап алса да, алып барып камап, милицияларга да укукту кеңири берип, адамдарды атып өлтүрүү аларга мыйзамдуу көрүнүш болуп калган. Мен ал жылы Кыргызстанга келгем. Күтүүсүз жерден эле башталып кетти. 2016-жылдан бери ата-энем менен байланышым үзүлдү. Ал маалда менин туугандарым да лагерге кирип кеткен экен. Андан бери үйдөбү, камактабы, билбейм. Негизи, эгер телефон чалсаң, чалуу үйгө эмес, биринчи милицияга жетет. Анан милиция ал үйдү кысымга алып баштайт.

Сизде кандай маалыматтар бар? Алар сиз айткан лагерлерде эмне кылышы мүмкүн?

Азыр адамдарды жакырлантып, бир сындырым нанга жетпеген абалга кептеп, жаштарды соттоп, өлтүргөнүн өлтүрүп койду деп угам. Бул жакта ошо 2016-жылы лагерге кирип чыккан бир киши менен байланышып калдым. Ал тартип бошураак кезде кирип, кайра чыккандардан экен. Азыр ал түрмөгө кирген адам кайра чыкпайт. Ал эң жеңил түрүнө кириптир. Билими жоктор, кары-картаңдар күн сайын эртең менен саат 7де лагерге кирип, кечки саат 11де чыгат экен. Барганда бир жерди каратып, бир канча саат кыймылдатпай тургузат. Анан Кытайдын азыркы президентин, компартияны мактап мээсине куйдурат имиш. Азыр эжебиздин балдарын ата-энесине калтырып, өзүн 20 жылга камап, үстүнө 60 миң юань айып пул салыптыр. Интернет булактарында аларды кытайча сүйлөтүп, «мамлекетке ырахмат, бизди жакшы карап жатат» деп айттыртып жатат. Чынында андай эмес. Түрмөдө ийне сайып, аялдарды төрөбөс, эркектерди тукумсуз кылып, ар түрдүү жазаларды бергенде, ден соолугу начарлары өлүп деле калат экен. 50-60тай адамды кичинекей бөлмөгө киргизип, ал жерде жаткыдай же отургудай орун жок, ур-токмокко алышат. Бир бөлүгүн завод-фабрикаларда иштетет. Ар түрдүү кыйноолорду көрүп чыккандары буту баспай, көзү көрбөй, денесине кан куйбаса, өлүп кала турган абалга келгендерин угуп жатам.

Бирок Кытай бийлиги аны түрмө эмес, кесипке үйрөтүүчү окуу жай деп айтып жатпайбы?

Бул — жалган. Анткени баары билими, кесиби жокпу десең, арасында профессор, окумуштуу, кыйын адамдар бар. Британиялык, орусиялык журналисттер барганда да, аларды лагерге жакын жолотпой койгон. 2019-жылы ар кайсы өлкөдөн журналисттерди лагерлерди көрүп кетүүгө чакырган. Анда лагердин ичиндеги адамдарды атайын даярдап сүйлөтүп, үстүртөн эле көрсөтүшкөн. Бул Кытайдын мурдатан түзүлгөн стратегиясы экен. Кытайдан башка улуттарды тукум курут кылып, жоготуу максаты турат десек болот.

Ал эми казактардын кээ бир топторуна кичине жеңилдик бар. Себеби Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев мурда эле канча казак Казакстанга кетем десе, аларды өткөрүп алуу жөнүндө келишим түзүп койгон экен. Андыктан айрым журт которгон казактар эл аралык уюмдарга арыз жазып отуруп, көп адамын өткөрүп алган.

А сиз дагы эки жакка арыз жазып, туугандарыңызды бошотконго аракет кылдыңызбы?

Туугандарым камакка алынганын укканда, эмне кыларымды билбей, жаман болуп жүрдүм: «Колумдан эмне келет? Кыргызстан да кичинекей өлкө болсо, буга кантип жардам бере алат?» — деп. Туугандарың жаныңда жок, ата-энең менен байланыша албай калганда кайгырат экенсиң. 2016-жылы казактар «Ата журт эрктүүлөрү» уюмун түзгөн. Уюм казак, кыргыз, уйгур деп бөлбөй, баарына жардам берүү ишин аткарат. Аларга да барып, арызымды калтырып келгем. Анда АКШнын журналисттерине да интервью бергем. Андан соң туугандарымдын бир бөлүгү чыгыптыр деп уктум. Ошондон бери Европадагы журналисттер менен байланышып турам. 2019-жылы Сооронбай Жээнбековдун мезгилинде да кыргыз бийлигине жардам сурап кайрылганбыз. Алар: «2020-жылдын жаңы жылын күтүп тургула. Сабыр кылып күткүлө, жакшы жаңылык болсо кабарлайбыз», — дешкен. Кыргызстандагы укук коргоочуларга, алардын арасында Рита Карасартовага, «Кырк чоро» кыймылына да маалымат бергенбиз. Кийин Кыргызстанда да Кытайдын кысымына каршы митингдер өттү. Жапа чеккен адамдарды коргоо үчүн алдыда аракетибизди токтотпойбуз. Муну дүйнө коомчулугу туура тушүнүп, Кытайдын саясатына каршы туруу, балким абалды жеңилдетет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM