Биз менен байланышыңыз

2019-жылы жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк берилет

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Ноя 2018 | 1214 | 0

2019-жылдын апрель айынан тарта мамлекеттик компания тарабынан жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк бериле баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директорунун орун басары Адыл Рыскелдиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда жаңы айдоочулук күбөлүктүн дизайны иштелип жатат. Алар Кыргызстанда даярдалат. Баасы азыркы күбөлүктөргө салыштырмалуу арзан болот.

«Бүгүн айдоочулук күбөлүктөр жеке компания аркылуу берилет. Эми аны мамлекеттик ишканага өткөрүү пландалууда. Жарандар колундагы айдоочулук күбөлүгүн жаңы үлгүгө алмаштырбаса да болот. Мындан сырткары биздин бөлүмдөрдө айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштырууга  мүмкүнчүлүк түзүлдү. Баткендик жаран күбөлүгүн Нарындан алмаштырса болот», — дейт Рыскелдиев.

Айдоочулук күбөлүктөр 10 жылдык мөөнөт менен берилет. Жаран күбөлүк үчүн сынак тапшырган бөлмөлөргө, окутуучу унаага камералар орнотулган. Тестирлөө учурунда адамдын жүзү аныкталып, сынактан ар бир жаран өзү өтүп жатканы такталат. Мында күбөлүк коррупциялык жол менен алынды деген маселелер жоюлат.

Эгер жаран сынактан өтпөй калса 10 күн даярданып кайра тестирлөөдөн өтөт. 3 жолу сыноодон өткөрүлөт, анда да кулап калса кайра окутууга жөнөтүлөт. Сынакта 20 суроо үчүн 25 мүнөт берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM