Биз менен байланышыңыз

Чыңгыз Турдубеков: ырларым — менин балдарым

Кыска кабар , Марал шоу | 31 Окт 2018 | 1328 | 0

Кыргыз шоу-бизнесиндеги белгилүү ырчы Чыңгыз Турдубеков биздин студиябызда конокто болуп, кызыктуу маек куруп берди. «Желе шоу» уктуруусунда шоу-бизнестын оош-кыйышы жөнүндө сөз кылды. Ырчы бул тармак өзүнчө саясат экенин, анда адам өзүн тың, шайыр болуп жүрүшүн сунуштады.

«Антпесе аракетиң жок болуп, чыгармачылыгың дагы өркүндөбөй калчудай. Ал эми менин мүнөзүм досторумдун арасында шайыр болгону менен токтоомун. Мындан кийин мен дагы мүнөзүмдү өзгөртүп, көбүнчө андай сапаттарды мен ыр аркылуу бергенге аракет кылам.Анткени ырларым менин балдарым. Аларды мен бапестеп багып жүрүшүм керек. Ар бир өзүнчө ойлонуу толгонуу менен жаралат. Ошондо элге бат жетип бат сиңет деген ишеничтемин.»-дейт ырчы.

Copyright © 2017 Maral FM