Биз менен байланышыңыз

Тербишалиев: 2013-жылы эле Бишкек ЖЭБи боюнча комиссия түздүргөм

Пикирлер | 31 Окт 2018 | 746 | 0

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Данияр Тербишалиев “Марал” радиосуна берген маегинде 2013-жылы Бишкек ЖЭБи боюнча комиссия түздүргөнүн, бирок ал комиссия айрым тоскоолдуктардан улам аягына чыкпай калганын билдирди.

«386 млн доллар эмне себептен эч бир документи жок ЖЭБге жумшалып жатат? Эмнеге насыя алып жатабыз, мунун барына ким жооп берет?-деп комиссия түздүргөм. Ошол учурда өкмөттө турган, Ак үйдүн 7 кабатында отурган адамдар «Данияр бул маселеңди токтот» дешкен. Осмонбек Артыкбаев эки жолу бөлмөмө келип, «бул маселеңди токтот, аны көтөрбө, өйдө жактан суранып жатат»,-деп кеткен. Тилекке каршы, комиссияны аягына жеткен жок. Арадан 5 жыл өткөн соң ЖЭБ жарылып, эми ачыкка чыгып жатат», — дейт Тербишалиев.

Ал парламентке демократиялык мамлекет түзүү, адилеттүүлүктү орнотуу ниети менен келгенин, бирок ал максаттары ишке ашпай калганын белгилейт.

«Балким жаштык кылдым же кандайдыр бир нерселер тоскоолдук кылды окшойт. Бирок дагы эле саясатта максаттарым бар. Алдыдагы шайлоодо эл 10% болсо да талапкердин тазалыгына, анын программасына көңүл бурат деп ойлойм», — дейт Тербишалиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM