Биз менен байланышыңыз

Бөрүбашев: Кептин баары Илмияновдон алган маалыматты бийлик кандай пайдаланарында

Пикирлер | 31 Окт 2018 | 493 | 0

Кептин баары Икрамжан Илмияновдон алган маалыматты бийлик кандай пайдаланарында. Укук коргоо органдарында чоң жоопкерчилик бар. Ал эми алардын башында президент турат. Мындай пикирин юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«Бийлик кимдин кызыкчылыгын коргойт? Алар өздөрүнө керектүү маалыматтарды гана колдонуп албашы керек. Болгонун болгондой айтуу укук коргоо органдарынын колунда. Тергөө убагында ар кандай болуп кетиши мүмкүн. Илмиянов «президенттин шайлоо фондуна 150 миң доллар бердим» десе каражатты алган тарап да алганын тастыкташы керек», — дейт Бөрүбашев.

Белгилей кетсек, КСДП партиясына УКМКнын тергөөчүлөрүнөн Илмиянов ишкерлерден 150 миң доллар алган деген кат келген.  Партия катка жооп кылып, акча былтыр шайлоодо «демөөрчүлүк жардам» катары алынганы, ал боюнча азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жана анын штабы жооп бериши керек экендигин айткан.

Ал эми Илмияновго «алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп камакка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM