Биз менен байланышыңыз

Сарпашев: Чатактын баарын уюштурган адам эл өкүлү болуп отурат

Айылдан сүйлөйбүз | 30 Окт 2018 | 14320 | 0

«Марал» радиосунун «Айылдан сүйлөйбүз» программасынын бул жолку чыгарылышында Токтогул районуна караштуу Торкен айыл өкмөтүндөгү жер маселеси тууралуу сөз кылдык. Берүүнү Түмөнбай Абдинаби уулу алып барды.

Аймак тургуну Айдар мырза:

— Бир жылдан бери жер талашып келебиз. Тайырбек Сарпашевдин бир туугандары 95 гектар жерди 5-10 жылга ижарага алышкан эле. Азыр келишимдин мөөнөтү бүтсө да бербей иштетип жүрүшөт. Жерге беде айдашат. Түрдүү жолдор менен соттордон да утуп алышууда. Документтери жасалма, жердин ижара мөөнөтүн 30 жыл деп узартып алышкан. Айыл өкмөтүбүз да ошолордун кишиси болуп, сотко катышууга бизге уруксат кагазын бербейт. Бул маселени президентке да, өкмөт башчыга да жолдогонбуз. Атайын фонддун жетекчисин да, акимди да Тазабек Сарпашев деген киши карайт. Бир жылдан бери арызданып келебиз. Биз да акыйкат издеп, элдин үнүн жеткирели дейбиз. Карапайым калктын чыркыраганына карабай, айыл өкмөтү жерди колдонуу мөөнөтүн бир жылга узартып койгон. 3-4 киши «жерлерди күзүндө беребиз» деген, алар сөзүндө туруп макул болушту. Бирок Тазабек Сарпашев көнбөй жатат. Айыл өкмөтү апелляцияны да ошолордун айтканы менен жазып койду. Жер адиси да документтерди бизге көрсөтпөйт. Чындыгында ижарага берүүчүнүн дагы колу жок, алуучунун аты гана жазылып турат. Соттор өздөрү да чындык биз тарапта экенин айтып, “адвокат жалдасаңар 100% жеңип чыгасыңар” дешет.

Сарпашев сыяктуу жерлерди ижарага алган 30дай киши бар. Бирок алардын үлүшүнүн аянты 3-5 гектардан ашпайт. Алар «жерди беребиз» деп жатат. Бош турган жерлерге бала бакча, спорт аянтчасын салалы десек 30 жылдан бери беришпейт. Сүт заводун курабыз деп канча насыя алышкан, анын да документтерин көрсөтүшпөйт. Архивге барып сурасаң да, прокуратурага, мамкаттоо кызматына барсаң да Сарпашевдин кишилери. Бардык кызматтарга өздөрүнүн адамдарын коюп алышкан. Жасалма документтерди эле көрсөтүп коёт. Эч жерден акыйкаттыкка жетпей койдук.

“Сот, баары биздин кишилер. Колуңардан эч нерсе келбейт” деп жатат. Эгер жерлер жергиликтүү элге берилсе 80дей бала үй-бүлөсүн багып калмак. Тазабек Сарпашев жыл сайын келген картошка, арпа, жер семирткичтерди кол астындагыларга берет. Болбосо алар элге таратылышы керек эле. Мыйзамсыз иштер көп болууда. 12 депутат акыйкат издеп ар кайсы жерге урунуп жүрөбүз. Президент элдин үнүн угуп, көйгөйлөрдү чечет деген үмүттөбүз.

Тазабек Сарпашев:

— СССР таркаган мезгилде 1986-жылдары менин атам биринчилерден болуп совхоздон 300 кой, 9 га жер алган. Мындан сырткары, Турдубай Батырбеков деген аксакал 3 га жер менен 100 кой алган. Осмонбек деген аксакал да 3 га жер менен 100 кой алган. Келишим боюнча, ошол мезгилде жылына 210дон козу бөлүп берип, беш жыл койдун башын сактап берген адамга жер да, сарай да, кой да өтүшү керек. Андан бери 32 жыл өттү, малдын башы көбөйдү. Малга тоют камдаш үчүн 12 жыл мурда ижарага 30 га жер алганбыз. Аны бүгүнкү күнгө чейин пайдаланып келе жатабыз. 3 короо кой, жүздөн ашык жылкы багабыз. Жердин салыгын төлөйбүз. Биздин жердин тегерегинде да бош жаткан жерлер бар. Айылдаштарга ошону пайдалангыла десек унчугушпайт. Биз мыйзамга ылайык иштеп жатабыз. Райондук соттон да, облустук соттон да утуп чыктык.

Айылдаштарым ЖМКларга кайрылып жатканына аларды күнөөлөбөйм. Аларга теңелген да жокмун. Бул жерде башка маселе бар. Бизге бир эле мезгилде 5 телеканал келип маалымат алып кетти. Мени жамандаса жамандай беришсин. Кудайдан коркушса токтотушат, коркпосо жаза беришет. Мени таң калтырганы, 5 телеканалдын баары бир мезгилде келмек эмес. Демек, мунун артында турган кишилер бар экен. Алар менен дагы өзүнчө сүйлөшөм.

Бир канча насостук станциясын кыскарттык. Биз 13 чакырымдык Сары-Таш насостук станциясын 26 млн сомго куруп бүтүргөнбүз. Ал эми менин арызымды уюштуруп жаткан адам Шопоков насостук станциясын кыскартууда 1 чакырым жерге 56 млн сом кетириптир. Мен чоң чатак чыгардым. Бул иштерди уюштуруп жаткан адам — жакында эле Жогорку Кеңешке «Республика-Ата Журттун» атынан депутат болгон Нурбек Тотонов. Мына, Кыргызстан кайда бара жатат. Эгер менин сөздөрүм калп болсо; мыйзам алдында жооп берем. Балдарды да уюштурган Тотонов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM