Биз менен байланышыңыз

Автоунааңыз кышка даярбы?

Коом | 30 Окт 2018 | 1026 | 0

Кыргызгидромет борбору 31-октябрдан 3-ноябрга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөрүн эскертүүдө. Тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Мындан улам өзгөчө узак жолго чыгарда автоунааларды кышка даярдап чыгууну тиешелүү кызматтар эскертет. Сиз даярдык көрдүңүзбү? Кышкы дөңгөлөктүн, атайын майлардын баасы канча? Кышка автоунааны даярдоо үчүн канча акча керек эсептеп көрдүк.

Даярдыксыз узак жолго чыгуу ар кандай кырсык жана жол тыгындарын пайда кылышы мүмкүн дешет адистер. Бул багыттагы адис Талант мырзанын айтымында, эң маанилүүсү кышкы дөңгөлөктөр. Азыр алар сапатына жараша даанасы 4 миң сомдон баштап сатылат. Баалар көлөмүнө жараша өзгөрөт.

Ходовкасын жасатыш керек. Дөңгөлөктөрдү сөзсүз түрдө кышкыга алмаштыруу зарыл. Матордун майларын көрүү абзел. Тоңуп калбаш үчүн атайын майлар куюлат.

Автоунаа маселеси боюнча уста Бакыттын айтымында, антифриз жылына бир жолу алмаштырылат. Алардын баасы азыр дүкөндөрдө 80-500 сомго чейин, сапатына жараша бөлүнөт. Андан кийин маанилүү жагдай терезе жуугучтар.

Антифриз сөзсүз которулушу керек. Айрымдар автоунаасы гаражда турган үчүн 2 жылда бир жолу алмаштырышат. Бирок кыш келерде сөзсүз бир жолу текшерип коюу абзел. Терезе жуугучту да алмаштырбаса кыштын күнүндө тоңуп калат. Алардын баасы 100-500 сомго чейин.

Ал эми автоунаа кыштын күнүндө жакшы жылытышы үчүн фильтрди алмаштырууну сунушташат.

Салондун филтри жылына эки жолу алмашат. Жазында жылытууда кондиционерге өткөндө, күзүндө болсо тескерисинче. Булар сапатына жараша бааланат.

Кышкы дөңгөлөктөрдүн баасын интернет аркылуу атайын сайттардан  билүүгө болот. Баалары сапатына, канча колдонулганына жана көлөмүнө жараша бөлүнөт. Орточо эсеп менен 4 дөңгөлөктү 10000 сомго алсаңыз болот. Арзаны 8 миң сомго чейин. Жалпы эсептей турган болсок, кышка даярдоо үчүн автоунааңызга 15 миң сомдун тегерегинде акча сарпталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM