Биз менен байланышыңыз

Бокоев: банктар дыйкандарды жеке ишкер болуп катталууга мажбурлоодо

Кыска кабар | 30 Окт 2018 | 890 | 0

Өлкөдө жыл сайын жеке жана индивидуалдык ишкерлердин саны 30-40 миңге көбөйүп жатат. Мындай маалыматты парламент жыйынында депутат Кенжебек Бокоев билдирди.

Анын айтымында, аймактарда дыйкандар насыя алуу үчүн банкка кайрылганда, аларды жеке ишкер болуп катталышын талап кылышат. Дыйкандар насыясын төлөгөн чакта да, ай сайын Социалдык фондго 900 сом  берип турууга милдеттүү болуп калат.

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул маселени карап чыгарын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM