Биз менен байланышыңыз

Экономика министринин отставкага кетиши талап кылынды

Кыска кабар | 30 Окт 2018 | 568 | 0

Премьер-министр экономика министри Олег Панкратовду кызматтан алууга тийиш. Бул тууралуу комитет жыйынында депутат Гүлшат Асылбаева билдирди.

Анын айтымында, башка өлкөлөргө жакшы киреше алып келген салык процедураларынын фискализациясы Кыргызстанда дале ишке кире элек. Жарым жылдан ашуун убакыттан бери Салык кызматы жана Экономика министрлиги бир пикирге келип, долбоорду ишке ашыра албай жүрөт. Жумушчу топтор түзүлүп, бирок эч нерсе чечилген эмес.

Муну министр Олег Панкратов жумушчу топтордун фискализация боюнча билиминин жетиштүү эместиги менен түшүндүргөн. Ошондой эле, ал жаңы системаны ишке киргизбестен, эски схемалар иш алып барып келет.

Copyright © 2017 Maral FM