Биз менен байланышыңыз

Түркия дүйнөнүн келечектеги эң чоң аба майданын ишке киргизди

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Окт 2018 | 636 | 0

Түркияда келечекте дүйнөнүн эң чоң аба майданы болчу аэропорт ишке киришти. «Стамбул аэропорту» деп аталган майдан өлкөнүн эгемендүүлүк майрамына карата ачылды.

Стамбул аэропорту 2014-жылы башталган. Азырынча ички каттамдарга гана ачылган майдан 2023-жылга толук ишке киришет. Ал жылына 200 миллион кишини тейлөө менен, дүйнөнүн эң чоң порту болууга талапкер. Ал Стамбул шаарындагы үчүнчү аэропорт болууда. Жаңы порт ишке кирери менен мурдагы Ататүрк аэропорту жабылуусу пландалууда.

Дүйнөнүн дээрлик бардык континенттерине каттамдарын ачууну пландаган порту курууга 36 мин жумушчу катышты. Жалпы аянты 7659 га болуп, ичинде тейлөөнүн бардык түрүн камтыган бөлүмдөрү бар.

Шаардын Европа бөлүмүндө жайгашкан порт мамлекетке тиешелүү токойдун ордуна курулду.

Ачылыш аземине өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган жана элүүдөй чет элдик жогорку макамдагы коноктор катышты. Биринчи рейсти президенттин учагы конуп ачты.

 

Copyright © 2017 Maral FM