Биз менен байланышыңыз

Акыркы 2 жылда Кытайдан жумуртка да, тоок эти да алынган эмес 

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Окт 2018 | 634 | 0

Кыргызстанда эт азыктарын экспорттоо көбөйдү. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө койдун эти Иранга көп экспорттолуп жатат. Ошол эле учурда өлкөдө тоок эти аз өндүрүлөт. Андыктан чет мамлекеттен ташып келүүгө туура келет.

Жумаканов ошондой эле Кыргызстанда буйволдун этине тыюу салынган эместигин айтат. Анын эти азыраак көлөмдө Индиядан көзөмөлдүн негизинде кирүүдө.

Ал эми акыркы 2 жылда Кытайдан жумуртка да, тоок эти да алынган эмес.

Мындан тышкары, эшектер Кытайга тирүүлөй экспорттолуп жатат. Алардын багылышы, жеткирилиши көзөмөлгө алынат. Бирок эшекти союп сатууга уруксат жок.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM