Биз менен байланышыңыз

АКШдан сасык тумоого каршы вакцина алып келинет

Кыска кабар | 30 Окт 2018 | 654 | 0

Быйыл дем алуу органдарынын курч кармачу респиратордук түрү 342 учурга аз катталды. Былтыр бул убакытта 4098 учур катталса, быйыл 3756 учур орун алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлайт.

Эпидемиялык учурга көбүнчө 14 жашка чейинки балдар кабылат. Алар бейтаптардын 64 пайызын түзөт.

Дем алуу органдарынын курч кармачу респиратордук түрү декабрь айынан тарта январь, февраль айында күчөйт.

Анын алдын алуу жана абалды турукташтыруу үчүн тендер өткөрүлүп, 79 миң доза вакцина алынганын министрлик кошумчалайт. Вакциналар бардык республика боюнча таркатылган.

Мындан тышкары, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен келишим түзүлүп, АКШдан 70 миң доза вакцина гуманитардык жардам катары келиши күтүлүүдө.

Муну менен катар Бишкекте жеке клиникаларда 500-650 сомдон да сатылууда.

Copyright © 2017 Maral FM