Биз менен байланышыңыз

Жапарова: Китептеги катарларды басмаканага жүктөгөн туура эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Окт 2018 | 617 | 0

5-6 класстардын табият таануу жана география китептеринде кетирилген каталар боюнча жоопкерчиликтин баарын “Билим-компьютер” басмаканасынын мойнуна илген туура эмес. Көз карандысыз комиссия кимдин кандай деңгээлде жооптуу экенин пайыздар менен эсептеп чыгышы керек. Мындай пикирин «Кутаалам» басмаканасынын директору Бегайым Жапарова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, басмакана уруксат берилбесе китеп чыгарбайт. Бул жерде Билим берүү минисртлигинин да, Кыргыз билим берүү академиясынын да, басмакананын да күнөөсү бар.

«Китептеги грамматикалык каталарга басмакана жооп берет. Бирок ката чыкса оңдоп келгиле дейбиз. Эксперттер текшерген эмес же сабатсыз доктор, кандидаттар көзөмөлдөгөн. Каталарды эксперттер көрүшү керек эле. Эми “Билим-компьютер” басмаканасы китеп чыгаруудан баш тартып жатат. Калган эки басмакана китеп басып чыгарууга киришеби, алардын мүмкүнчүлүгү жетеби деген чоң суроо турат», — дейт Жапарова.

Эске салсак, буга чейин 5-6 класстардын табият таануу жана география китептеринен интернеттен алынган сүрөт, эскирген маалыматтар жана грамматикалык каталар табылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM