Биз менен байланышыңыз

Кубаталиева: Китептердин авторлору бири-биринин эмгегин окубайт

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Окт 2018 | 702 | 0

5-6 класстардын табият таануу жана география китептеринде кетирилген каталар боюнча жоопкерчиликти Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз билим берүү академиясы алышы керек. Мындай пикирин «Алиппе» китебинин автору Бэла Кубаталиева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз билим берүү академиясы жакшы анализ жасай албайт. Себеби аталган мекеменин окумуштуулар кеңеши китепти сыноодон өткөрүүдө орус тилдүү мугалимдердин пикирин эске албай койгон.

«Кыргыз билим берүү академиясы системалуу каталарды кетирип жатат. Окумуштуулар кеңеши мугалимдерди кемсинткен, адамдын оброюна шек келтирген учурлары болгон. Анын бары коррупцияга барып такалат», — дейт Кубаталиева.

Ал китеп жазган авторлор өз ара сүйлөшкүсү келбей, жадагалса бири-биринин эмгегин окубай жатканы көйгөйлүү маселе экенин белгилейт.

«Билим берүү министрлиги менен академия авторлорду чогултушу керек эле. Буларды элдин акчасына каржылап жатабыз. Жөн гана кызматка койгон жокпуз. Андыктан жоопкерчиликти ушул эки мекеме алышы керек», — дейт Кубаталиева.

Эске салсак, буга чейин 5-6 класстардын табият таануу жана география китептеринен интернеттен алынган сүрөт, эскирген маалыматтар жана грамматикалык каталар табылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM