Биз менен байланышыңыз

Стамбулда 4 мамлекет лидери Сирия маселесин талкуулашат

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Окт 2018 | 565 | 0

27-октябрда Түркиянын Стамбул шаарына Орусия президенти Владимир Путин, Франция президенти Эммануэль Макрон жана Германия канцлери АнгелаМеркель келишти. Төрт мамлект башчысынын катышуусунда өтө турчу саммиттин башкы темасы Сирия маселеси.

Буга чейин да аталган маселенин тегерегинде бир топ жолугушуулар өткөн. 2016-жылдагы Астана саммитинин негизги катышуучуларынан болгон бул өлкөлөр бул жолу Сириядагы жаңы нукка өтүүсү күтүлүп жаткан жагдайдын мындан аркы кадамдарын сүйлөшүшөт. Саммит бүгүн Түркия убактысы боюнча саат 15:00дө башталары пландалган.

Эске сала кетсек, өткөн айда Сочиде Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдогандын макулдашуусу менен Сириянын Идлиб шаарында куралсыз аймак түзүлүп, Сирия бийлиги аталган аймакка сокку урбай, каршы тарап болсо оор согуштук куралдарды аймактан чыгарууга милдеттендирилген. Иштин жүрүшүн Орусия менен Түркия күчтөрү көзөмөлдөмөк. Бирок жарандык согуштун катышуучулары болгон кээ бир топтор бул эрежени бузуп, ар түрдүү чагымчылдыктарга барууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM