Биз менен байланышыңыз

29-октябрга чейин күтүлгөн аба ырайы

Кыска кабар | 27 Окт 2018 | 574 | 0

Кыргызгидромет борбору 26-29-октябрь аралыгында Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 26-27-октябрь күндөрү жана 28-октябрда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Ал эми 28-октябрда күндүз жана 29-октябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ошондой эле 29-октябрда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.

Ал эми 30-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM