Connect with us

Чыңгыз Айдарбеков орусиялык кесиптеши менен жолукту

Кыска кабар | 27 Окт 2018 | 580 | 0

Москвада Кыргызстандын Тышкы иштери министри Чыңгыз Айдарбеков орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолукту. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Анда эки тарап Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, эл аралык жана аймактагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышкан.

Ошондой эле алар Путиндин 2019-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга күтүлүп жаткан сапары тууралуу айрым маселелерди талкуулашкан.

Лавров Айдарбековду жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, ийгилик каалады.

Белгилей кетсек, бул Айдарбековдун министр катары чет өлкөгө болгон биринчи жумушчу сапары болду. Өткөн жумада премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган Чыңгыз Айдарбеков тышкы иштер министри болуп дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM